Кыргыз өлкөсүнө эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 12 миллион 150 миң доллар бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы өлкөгө 12 миллион 150 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мыйзамга кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

7-апрелде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) ратификацияланды.

Аталган макулдашуунун алкагында эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо системинин даярдыгын күчтөндүрүү максатында жеңилдетилген каражат бөлөт.

Жардамдын жалпы көлөмү 12 миллион 150 миң долларды түзүп, анын жарымы грант, жарымы 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыз менен насыяга алынат.

Алынган каражат COVID-19 илдетине каршы ыкчам чара көрүү иштерине, медицина кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн керектүү каражаттарды алууга, транспорттук камсыздоого, санитардык-карантиндик постторду, лабораторияларды жаңылоого жумшалат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан