"Интер" футболдук клубунун оюнчусу клубдун 23 оюнчусунан коронавирустун белгилерин байкаганын айтты

Италиянын "Интер" футболдук клубунун чабуулчусу, бельгиялык Ромелу Лукаку ушул жылдын январь айында командадагы 23 оюнчудан коронавирустук инфекциянын белгилерин байкаган. Бул тууралуу ал италиялык "Football Italia" басылмасына берген маегинде билдирген.

Лукаку декабрь айындагы тыныгуудан кийин командадагы 25 футболчунун 23ү ооруп калганын айтты: "Командадагы оюнчулардын бардыгы жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп кетти. Менин дагы машыгуу учурунда дене табым көтөрүлгөн. Буга чейин бир нече жылдар бою көтөрүлгөн эмес. Беттеш учурунда биздин коргоочулардын бири эс-учун жоготуп, талааны таштап кетүүгө аргасыз болгон".

26 жаштагы Ромелу Лукаку 2019-жылдын жай айында "Интер" клубуна кошулган. Бул командада ал жалпы 35 беттеш өткөрүп, 23 гол киргизгенге жетишкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Eden-Hazard
2020-04-22 13:33:35
Лукаку өрт
+1
ularbek0691
2020-04-22 14:06:59
Болду эми эки жыл фудбол ойнобойсунар
0
Rifle_I
2020-04-22 14:12:31
Спортсмендер коронавирусту уруп онйнобойт. Вирусту иммунитет жеңип чыгат дарысы жок эле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан