
Израилдин Тель-Авив шаарында Яффо портунда сууда жүрүүчү кинотеатр ачылат. Бул тууралуу расмий маалыматка таянуу менен дүйнөлүк басалмалар жазышууда.
Анда жазылгандай, коронавирус пандемиясы туризм ошондой эле маданият тармагында тоскоолдуктарды жаратты. Ал эми ачык асман алдындагы иш-чаралар коопсуздук чараларды сактоодо жакшы чечимдердин бири болмокчу. Тель-Абив шаарындагы сууда жүрүүчү кинотеатрда 22-28-августка чейин тасмалар көрсөтүлмөкчү.
Кинотеатр 70 кайыкка чейинки көрүүчүлөр 2 метр аралыкты сактоо менен көрө алат.
Тель-Авив шаары Израилдин эң көп туристтер келген жерлердин бири. Ал жердин жылуу климаты маданий иш-чараларды өткөрүүгө түрткү берет.