Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана бир катар кызматтардын ишмердүүлүгү боюнча учурдагы маселелер талкууланды.
Кубатбек Боронов белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдар Орусиядан жана Түркиядан мекендештерибиздин жакын арада келишине толук даярдык көрүшү керек.
"Обсервациялык жайлар, медициналык мекемелер даяр болушу шарт. Тиешелүү бардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары жарандардын келиши, аларды жайгаштыруу жана мындан аркы аракеттер боюнча так жана алгоритмге ылайык иштеп, келгендер үчүн зарыл шарттарды түзүүлөрү керек", - деди ал.
Бүгүн Новосибирск шаарынан аба каттамы менен 176 адам келмекчи. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын өкмөттүк түзүмдөрү тарабынан жетишилген макулдашуулардын натыйжасында 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамын ишке ашыруу пландалууда. 350 Кыргыз жараны келиши күтүлүп жатат. Алардын бардыгы Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырылат.
Ошондой эле укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үй карантинин катуу сактоо жана жакында Түркиядан жана Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорск шаарынан келген мекендештерибиздин толук обочолонуусун көзөмөлдөөсү керектиги белгиленди.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова маалымдагандай, Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында Кыргыз өлкөсүндөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу кеңири маалымат бар интерактивдик карта иштеп баштады. Облустар, райондор, обсервация жайлары, стационарлар боюнча сандык маалыматтарды көрүүгө болот. Мындан тышкары сайтта келип түшкөн гуманитардык жардам жана аны бөлүштүрүү боюнча толук маалымат бар.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча, бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууга, саламаттыкты сактоо мекемелерин тийиштүү дары-дармектер жана жабдуулар менен камсыздоого, ошондой эле байланышта болгон адамдар менен иштешүүнү сапаттуу жүргүзүүгө көзөмөл жасоо тапшырмасы берилди.