"Элмирбек деген ким эле? Элмирбек ырдын пири эле". Алп акындын сөөгү жерге берилди (эскерүү)

Ак таңдай акын, обончу, көп кырдуу талант Элмирбек Иманалиевдин сөөгү бүгүн, 22-апрелде "Ала Арча" көрүстөнүнө коюлду. Пандемияга байланыштуу өзгөчө абал өнөр сүйүп, талант сыйлаган элдин кадамын чектей алган жок. Маркум Элмирбек Иманалиевди жерге берүү аземине карапайым калк, анын чыгырмачыл чөйрөдөгү достору, замандаштары, бийлик өкүлдөрү айтор, аттуу баштуунун баары келип, акынга топурак салышты.

Акынды акыркы сапарга узатуу зыйнатынын жүрүшү массалык маалымат каражаттарынын чагылдыруусу аркылуу түз көрсөтүлүп жатты. Экран артында көрүстөнгө барып, топурак салууну көксөп, бирок ал мүмкүн эмес экенин билип, түз эфирден көзүн албай телмирип караган акындын замандаштары андан көп болду.

Ак таңдай акындын сөөгүн жерге бергенге чейин коомдук ишмер Султан Раев баш болгон бир топ беделдүү адамдар сөз сүйлөп, алп акынды эскеришкен. Анда Раев 6 миллион эл аза күтүп жатканын айтып, Иманалиевдин көп кырдуу талант экенине токтолгон.

"6 миллион эл өзүнүн жүрөгүндө, көкүрөгүндө аза күтүү күнүн жарыялады. Эл уулу 2020-жылдын 20-апрелинде дүйнө салып олтурат. Азыр кыргыздын баары арманга батып, көз жашын көл кылып жатат. Ал көп кырдуу талант, манасчы, обончу, төкмө, ак таңдай акын болчу.

Мындай ички дүйнөсү терең акын бизде чанда кездешет. Ал төкмө акындыгы боюнча алдына эч кимди салган эмес. Иманалиев сөздүн баркын, кадырын билип, кыраатын келтирип айтчу", - деди Раев.

Ал эми "Айтыш" коомдук фондунун, "Калемгер" адабий клубунун, "Айтыш Фильм" киностудиясынын негиздөөчүсү, депутат Садык Шер-Нияз көзүнө жаш алып, сүйлөгөн сөзү менен элди ыйлатты.

"Бекеринен "карагай ыйлап, тал ыйлап, калдайган журттун баары ыйлап" деп айтылбаса керек. Мына бүгүн коронавирус дартына карабай канчалаган киши бул жерде турушат. Ошол улуу инсанды акыркы сапарга узатууга көңүлүңөр чыдабай, ушул жерге келип олтурасыңар. Туура, өлүм деген алат экен, ажалга эч ким туруштук бербептир.

Азыр кирейин десең жер бүтүн, көрөйүн десең көр бүтүн болуп айла жоктон турабыз. Элмирбек деген ким эле? Элмирбек ырдын пири эле. Кайсы жер болбосун обону шаңкылдап, күлсө күлкүсү жаркылдап, кабагы ачык каркылдап, кайсы той, кайсы айтыш болбосун бүлөгөн кылычтай алдыда сунулуп турат эле го. Эркек киши ыйлабайт дейт, кечирип койгула туугандар, бүгүн ыйлай турган күн болуп турат. Себеби мындай талантты жоготкондо ыйлабасак, анда качан ыйлайбыз?".

Ал эми саясатчы Адахан Мадумаров Элмирбек Иманалиевди оорудан эмес, көңүл калуудан каза болгонун айтып, буларга токтолду.

"Кыргызда кайталангыс өнөр төкмөлүк өнөр, кайталангыс өнөр манасчылык, кайталангыс өнөр - бул үч кыл комузда не деген керемет түшүнүктөрдү, сезимдерди бере турчу өнөр. Иманалиев мына ушул өнөрдүн сересиндеги эң бир бийиктиктикке чыккан, эч нерседен жалтанбаган, өзүнүн пикирин дайыма ачык айтып ырдаган, жигиттик мүнөздөгү, миң кырдуу, бир сырдуу болгон азаматыбыз эле. Эрте кеткени өтө өкүнүчтүү болду. Өзүнүн ырларында дагы "бир чапан же тебетей кийгизип койсо, ошонун ырын ырдап өтөбүзбү же элде болуп жаткан чындыкты акындык вазийпабыз менен аткарабызбы?" деп айтып, ырдап жүрдү.

Ал аябай таасирдүү ырдап, так позициясын билдирип келген. Элмирбек Иманалиев Токтогулдун, Эшмамбет жана Барпынын изи менен жүрүп келе жаткан азаматыбыз эле. Соңку ырларында көкүрөк кайгы, жалгыздык жөнүндө жазып калган. Натыйжада көптөгөн мамлекеттик иш-чараларга жолотпой коюшкан. Бүгүн "акын оорудан өлгөн жок, көңүл калуудан өлдү" деп досу туура айтты. Мен дагы 100 пайыз досунун сүйлөгөн сөзүнө кошулам", - деди Мадумаров.

Акынды жоктобогон жан жок. Аны бир эле өнөр чөйрөсүндөгү адамдар эмес, карапайым эл дагы жүрөгү сыздап, эскерип жатышат. Ал эми замандаштары акындын экинчи өмүрү башталганын, ал өлбөгөнүн, сөз өнөр ээси түбөлүк, кылымдан кылымга аңыз кепке алынып жашай турганын кеп кылышууда.

Ал эми кезинде ырчылык өнөрү менен таанылып, азыркы тапта кино тармагына ооп кеткен Муктар Атаналиев акындын билимине, сөз тапкычтыгына суктанып, аны эскерип турду.

"Мындан бир аз эле мурда Элмирбек Иманалиевге жолукканмын. Биз Токтогул Сатылганов жөнүндө чакан тасма тартып жаткандыктан, андан маек алуу үчүн атайын бардым. Ошол тасмага интервью алганы барып жолукканыбызда ал ооруп, ооруканада жаткан экен. Анын эң жакшы мүнөзү адамдарга жылуу, бирдей мамиле жасай турган. Ооруп турса дагы атайын убактысын бөлүп келип, жарым сааттай интервью берип, сүйлөп берген.

Бизден эгер Токтогул Сатылганов жөнүндө сураса, анын акын экени, Сибирге барып келгени менен эле чектелип, андан аркы маалыматтарды билбей токтоп калабыз. Ал эми Иманалиев Токтогул жөнүндө, анын саясий көз карашы, кандай кыйынчылыкка өз башын салганы боюнча өтө кенен маалыматтарды айтып берген эле. Айтылган ал маалыматтардан улам Токтогул жөнүндө эч нерсе билбейт экенбиз деп таң калгам. Акынды экинчи Токтогул десек да болот, анын тагдыры дагы Токтогул акындыкына окшош. Иманалиев бийликке чындыкты айтам деп, өгөйлөнүп, кодуланып да жүрдү", - дейт Атаналиев.

Алп акындын көп өнөрү ачылбай кетти деп, жанында аны жакындан билген жоро-жолдоштору байма-бай айтып жатышат. Элмирбек Иманалиев актыкка моюн сунбаган болсо, дагы далай жакшы чыгармаларды жаратып, нечендеген шакирттерине асыл жол көрсөткөн, көрөгөч устат болмок. Көп кырдуу таланттын жанында жүргөн жакын досу Жеңишбек Жумакадыр акын өлбөгөнүн, кыргыздын жүрөгү согуп турганда, ал түбөлүк жашай тураганын айтат.

"Элмирбекти азыркы тар убакытта ачып бере албайбыз. Ал көз жумгандан бери ыйлап жатып, ишене албай сөзүбүз деле түгөнүп калды. Дайыма айтып келе жатам Токтогул, Эшмамбет, Атай өтүп кеткен улуу залкарларды мен көрдүм деп азыркы Элмирбектин замандаштары айта алат. Анткени улуу өнөрдү алар кандай ырдаганын, комузду кандай черткенин Элмирбек боюна сиңирип, аны бизге көрсөтүп кетти. Бир келген талант болчу, баркына жеттикпи, жетпедикпи ал башка маселе. Бирок мен Элмирбек өлгөн жок, анын санаттары, ырлары элдин жүрөгү согуп турганда, түбөлүк өчпөй, жашай берет деп айтар элем".

Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган. Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү жана бир нече обондордун автору болгон. Акындын артында үч кызы, үч уулу калды.

2008-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов каза болгондо Элмирбек Иманалиев "Чыңгыз өлбөс болсочу" деп жазуучуну жоктоп, комузун муңкантып, кызыл тили менен кошок кошуп, калың элди силкинткен. Ал учурда акын дал Айтматовдой артынан шакирттери кошок кошуп, эли жоктоп кала турганын билбеген чыгар. Азыркы тапта акындын шакирттери байма-бай устатын жоктошуп, кошок кошуп, комуздарын муңкантып жатышат. Акыркы кезде алп акындын жанында өнөр арты менен бирге жүрүп калган шакирти Асылбек Маратов устатын жоктоп, армандуу кошок кошту.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
gitaris93
2020-04-22 22:18:51
Кайран Эмике эми жүрөктө гана жашап калды го
Аллахым бейишинин төрүнөн орун берсин алп акынга
+15
Migrant-rf
2020-04-22 22:41:49
Кана пандемиянын эрежеси сакталганы? Комендант каякты карап жүрөт? Кана мыйзамдын иштегени? Ызылдап эле жүрүшөтко министри баш болуп? Карапайым каза болсо эки үч тууганы менен ит көмгөндөй эле көмдүрүп салышууда.
-30
bessmertiy
2020-04-22 22:57:16
Мадумаров ушул жерде да кырчаңгылыгын кылып сүйлөптүр. Кайран Элмирбек. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
+11
aika17
2020-04-22 23:47:36
bessmertiy,туура айтасыз.Өлүмдү саясатташтырып атышат бери жоктор
+5
aika17
2020-04-22 23:58:52
Залкар кетти,алп кетти,жүз-миң жылда бир жаралчу талант кетти...аттиң арман.Жайы жаннаттан болсун.
Оо пенделер!Өлүм ак!Залкардын өлүмүн саясатташтырбай жайына койгулачы.Чын күйсөңөр куран окуп,бата тилеп койгула.Болду.Жайында да тынч жаткыдай болсун.Бийликтин айынан өлдү деген "теңтушуна"кыжырым кайнап турат.Эл эмгегин,талантын айтып өксүп атса,"бийликтин айынан өлдү деп былжырады!Бийлик өз өкүмүндө,а Эмике өз жашоосунда жашап өттү.Жок дегенде өлүмдөн саясий упай топтобой эле
+11
Mamiev
2020-04-23 01:11:18
Алп акын жайнынызды жаннаттан кылсын Аллахым. Тиги корустондун үстүндөгү гулдо жазуулар белек бергенсип анын атынан бунун атынан дебей жөн эле койсо не болот же жазуусу жок эле.
-1
Janusia
2020-04-23 01:15:05
Аалы Туткучовдон дайын жок го?
+6
fanatka19
2020-04-23 18:33:08
Супер инфо Асылбек Маратовтун созу боюнча акындын келинчеги же кыздарынан же куйоо баласынан интервью алып беруунуздорду суранам.Элге так маалымат керек болуп турат,болбосо фейзбукта эки жаат болуп ит болуп атабыз.
+1
filis
2020-04-23 19:08:55
Жаткан жерин Тенирим жай кылсын.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан