Бүгүн, 23-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү абал боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда министрдин орун басарына "Коронавирустан айыккандардын саны өсүп жатат, эпидемиянын туу чокусуна жеттикпи?" деген суроо берилди.
"Айыккандардын саны өсүп жатат, бул сандар сүйүндүрбөй койбойт. Коронавирус аныкталгандар менен илдеттен айыккандардын саны боюнча айырмачылык бар. Мындан улам адис катары эпидемиянын туу чокусуна жетип калдык десем болот", - деди ал.