Бүгүн, 22-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берип жатат.
Жыйында Бишкекте коронавирус жуктурган 2 жаран менен байланышта болгон адамдар такталып жатканы айтылды.
"Бул эки учур боюнча биринчи жана экинчи деңгээлде байланышта болгондордун бардыгын аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жыйынтык даяр болгондо маалымат берилет", - деди Акматова
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 14 адам. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.