Бүгүн, 11-майда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымат жыйын берди. Анда өкмөт өкүлү облус аймагындагы эпидемиологиялык абалга токтолду. Айтымында, облус аймагында милиция кызматкерлеринен да коронавирус аныкталган.
"Облус боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 129 адамды түздү. Алардын ичинен 91 адам сакайып, ооруканалардын чыгып кеткен. Ал эми бейтапканаларда 38 адам дарыланып жатат. Райондор боюнча алсак, Ат-Башыда 7, Жумгалда 4, Нарын шаарында 27 киши изоляцияда дарыланып жатат.
Обсервацияда жалпы 139 адам бар. Үй шартында медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө 455 адам кармалууда. Ал эми байланышта болгон адамдардын саны 1 миң 323. Өкүнүчтүүсү оору жуктургандардын ичинен 31и медицина кызматкери. Алардын ичинен 7өө врач, 17 медайым, 7 санитарка. Дагы өкүнүчтүүсү милиция кызматкерлеринен да вирус аныкталып, учурда 14 милиция кызматкери обсервацияда жатат", - деди Алымкулов.