Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы кызматына Кокочаров Урматбек Курманбекович дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Урматбек Кокочаров жарандык турак жай департаментинин жетекчиси болуп иштеген.
12-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиевдин ишин сынга алып, отставкага кетүүсүн айткан.