Кечээ, 6-февраль күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган Замирбек Аскаровду тааныштырды.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча маанилүү милдет турат. Мында өз ишин билген адистер, кайраттуу жана боорукер адамдар иштешет. Биргеликте бардык максаттарга жетишесиздер деп ишенем. Сиздин кесиптик сапаттарыңыз жана мамлекеттик кызматтагы тажрыйбаңыз министрлик кызматтагы күнүмдүк ишиңизде өтө маанилүү болуп саналат", - деди Боронов.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Замирбек Аскаров вице-премьер-министр кызматынан берген арызына ылайык бошотулуп, өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган.