"Насыялар убактылуу төгүлбөй турганы айтылган, бирок бизди төлөгүлө деп жатышат". Улуттук банктын өкүлүнүн жообу

Бүгүн, 23-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков өзгөчө абал кирген аймактардагы кырдаал боюнча маалымат берди. Ошол эле учурда банктар боюнча коомчулук тарабынан келген суроолорго Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы филиалынын жетекчиси Хусеин Акимбеков жооп берди.

Анда Улуттук банктын өкүлүнө жарандар тарабынан насыя акчаларына байланыштуу бир нече суроолор узатылды.

Суроо: "Өзгөчө абалга байланыштуу көптөгөн жеке ишкерлердин жумушу токтоп, салыктан баштап алган насыяларынын пайыздарын төлөй албай кыйналып жатышат. Мындай жагдайда ишкерлерге төлөө мөөнөтүн узартуулар каралганбы?".

Жооп: "Эгерде ошол ишкерлердин иши коронавируска байланыштуу токтоп калган болсо, насыяны төлөөнү банктар жекече карайт. Алар мөөнөтүн узартуу боюнча маселени чечет, бирок пайыздар баштагыдай эле кала берет".

Суроо: "Насыялар убактылуу төгүлбөйт деп айтылган. Бирок бизге "Айыл банктан" чалып жатышат. Алар туум кетет дешти, так маалымат берип коёсузбу?".

Жооп: "Азыр эле айтып кеткендей, коронавирус илдетинин айынан убагында төгүлбөй калган насыялык акчаларга төгүлбөй калган пайыздардын суммаларына эч кандай кошумча туум жана айып пулдар төлөнбөйт".

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond0202
2020-04-23 15:10:03
толук жооп бербептирго.кыргызстандын баардык аймактарында баардык банктарга тийешелуубу бул мыйзам?
+3
make2
2020-04-23 16:39:05
Бизге үч ай жылдырып берди бирок ар бир айга беш миң сомдон он беш миң сом пеня кошуп жатат
0
Nuri1988Elim2010
2020-04-23 17:39:34
make2, ии жеңилдик деп кайра элди карызга батыратго анда.
Бул мыйзамды өздөрү үчүн эле иштетип жатышат
0
Usow
2020-04-24 04:56:30
Негизги сумма эле жылдырылат деп жатат демек пайыздары калат. М: 3 айга жылдырылса негизги сумма толук бойдон жылдырылат, а 3 айдын пайыздары насыя мооноту канча калган болсо ошол айларга болунот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан