Кытай коронавирус инфекциясынын алдын алууда ката кетиргенин моюнуна алды

Коронавирус инфекциясынын очогу болгон Кытай инфекцияны алдын алууда ката кетиргенин моюнуна алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Ли Кэцян билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, коронавирустун алдын алууда коомдук саламаттыкты сактоо тармагында, өзгөчө кырдаалдарда көптөгөн начар байланыштар пайда болгон. Мындан тышкары ал бир катар чиновниктерди кызматтык милдеттерин так аткара алган жок деп айыптады.

Кытай өкмөтү бул маселелерге көңүл бурат жана ар кандай пикирлерди, калктын ар кандай катмарынын өкүлдөрүнүн сунуштарын эске алат. "Биз өз ишибизди өркүндөтүп, милдеттерибизди аткарып, элдин үмүтүн канааттандыруу үчүн бардыгын жасашыбыз керек", - деген ал.

Буга чейин АКШ бийлиги коронавирус инфекциясынын дүйнөгө тийгизген таасирин 9 триллион долларга баалаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mirkaa5182
2020-05-22 12:25:02
Акыры Кытай мойнуна алыптырда, вирусга себепчи кытай болуп калды да өзү.
+8
AdylbekB84
2020-05-22 15:19:06
Кытайдын айынан дүйнө жүзү азап чекти, кана эми Кыргызстандын карызын кечип ийсе!
+3
natasha00
2020-05-22 21:04:55
Эмне учун чара корбойт? Кытай Мамлекетин бут дуйно жузу сотко бериш кк!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан