Иран өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 160 миңден ашты. Алардын ичинен 8 миңден ашууну каза болду. Бул тууралуу Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Киануш Жаханпур маалымат жыйында билдирген.
Анын айтымында, акыркы бир суткада 3 миңден ашуун жаран вирус жуктуруп алган. Мындай рекорддук көрсөткүч акыркы жолу 31-мартта катталган болчу. Иранда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 160 миң 696га жетти. Акыркы бир сутка ичинде 3144 киши бул илдетти жуктуруп алса, 70 бейтап каза болгон (19-февралдан бери коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 8012 кишини түздү). Ал эми бул инфекциядан 125 миң 206 адам айыгып чыкты.