Өткөн суткада 107 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаары – 44, Ош шаары – 1, Чүй облусу – 43, Ош облусу – 1, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 12, Жалал-Абад облусу – 2, Баткен облусу – 3.
Жалпы 199 миң 821 адамдан коронавирус аныкталган.
279 бейтап илдеттен сакайды.
Жалпы айыккандардын саны 191 миң 958 бейтапты түздү.