Бүгүн, 2-июль саат 10:00гө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча алынган акыркы маалыматтар менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова тааныштырды.
Ага ылайык, сутка ичинде 526 жаран коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы тастыкталса, 87 бейтап илдетти жеңип, ооруканалардан чыгарылды. Жугуштуу илдет дагы 4 бейтаптын өмүрүн алды.