"Коронавирус менен ооруган жарандын сойкулар менен катнашын жашырган". Казакстанда полиция кызматкерлери сойкукананы калкалаган деп шектелүүдө

Полиция кызматкерлери Актау шаарында притон уюштурган чет элдик жарандарды калкалап жүргөн жана коронавирус менен ооруган жарандын сойкулар менен байланышта болгонун жашырып келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындай маалыматты Казакстандын коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин аппарат башчысы Куаныш Жапаков брифингде билдирген. Анын айтымында, карантинге карабай облустун аймагында полиция кызматкерлери притон уюштургандарды билсе да токтотпой, калкалап келишкен. Ошондой эле алар коронавирус менен ооруган жарандын сойкулар менен катнашта болгонун билип туруп жашырып коюшкан. Учурда окуяга аралашкан эки жарандын коронавирус жуктурганы аныкталган жана сойкукананын кызматкерлерин кошкондо жалпы 87 адам изоляцияга алынганы маалым. "Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө" деп билдирген Жапаков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bars88
2020-04-23 16:47:56
Бизде сойкуларды милиция кызматкерлери ташып журуп кармалды эле.Эртеси эле моюндарына албай коюштуго.Биз жатабыз уйдо эч жакка чыкпай кээ бирлери каалагандай сайрандап журушот
+7
Aikaaaa
2020-04-23 19:11:14
Ошолор баары ооруп кырылып калышпайбы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан