Бүгүн, 8-июлга карата Баткен облусунда коронавирус инфекциясы дагы 21 адамдан аныкталып, облус боюнча инфекция аныкталган адамдардын жалпы саны 193кө жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде облус боюнча коронавирус аныкталган 21 адамдын ичинен:
Баткен шаарында - 4;
Баткен районунда - 1;
Кызыл-Кыя шаарында - 3;
Кадамжай районунда - 4;
Лейлек районунда - 9;
Учурда облус боюнча изоляцияда 64, амбулатордук изоляцияда дагы 64 адам дарыланууда. Ал эми 23 адамдан пневмония оорусу аныкталып, дарыланууда.