Футбол боюнча Кыргыз жаштар курама командасынын футболчусу Эмир Шигайбаев "Неман 2" командасына жеңиш алып келди. Бул тууралуу аталган клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Беларусь Жогорку Лигасынын 6-турунда "Неман 2" командасы өз үйүндө "Энергетик-БГУ" командасын кабыл алды. Шигайбаев бул оюнга негизги курамда чыгып, 2 гол жаратты. Жыйынтыгында жалпы эсеп 2:1 болуп, талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.
18 жаштагы Эмир Шигайбаев "Неман" клубуна ушул жылдын февраль айында өткөн.