Биз социалдык тармакта

Футбол боюнча Кыргыз жаштар курамасынын оюнчусу Эмир Шигайбаев Беларусь Жогорку Лигасында ойнойт

Футбол боюнча Кыргыз жаштар курама командасынын футболчусу Эмир Шигайбаев Беларустун Жогорку Лигасында ойнойт. Ал “Неман” клубу менен 2022-жылдын аягына чейин келишимге кол койду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Жарым коргоочу Эмир Шигайбаев канттык “Абдыш-Ата” клубунун тарбиялануучусу, Кыргыз Премьер-Лигасында “Кара-Балта” футболдук клубунда ойногон. Шигайбаев бир жылдан ашык түркиялык “Антальяспор” клубунда ойноп келген. Кыргыз өлкөсүнүн өспүрүм жана жаштар курама командасында 12 жашынан баштап ойноп келет.

Буга чейин "Неман" клубунда 2019-жылдын мыкты футболчусу болуп табылган Гүлжигит Алыкулов ойноп келген. Ал жаңы сезондо казакстандык "Кайрат" клубуна өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-02-25 20:57:43
Неман кыргыздын балдары талантту болушун байкап калды менимче
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан