Комендант: "Нарында сутка ичинде 6 кылмыш катталды, анын ичинде оор кылмыш болгон жок"

Бүгүн, 24-апрелде Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев онлайн маалымат жыйын учурунда облус аймагындагы акыркы абал тууралуу маалыматтарды айтты. Айтымында, сутка ичинде 6 жаран коменданттык саттын эрежесин бузган.

"Акыркы сутка ичинде Нарын облусунда 6 кылмыш фактысы катталды. Алардын арасында резонанс жараткан кылмыштар болгон жок. Ал эми коменданттык сааттын убагында укук бузгандар дагы 6 жаран болду. Алардын ичинен 5 адам Ат-Башы районунан болсо, 1 тургун Нарын шаарынан. Ал жарандарга мыйзамдын негизинде протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу", - деди комендант.

Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак, Ат-Башы райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылганы маалымдалган.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо саат 21:00-06:00 аралыгы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан