Оренбургдан 413 Кыргыз жараны өлкөгө автобустар менен келишти

Оренбургдан мекендештер 24-майда Кыргыз өлкөсүнө келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мекендештер Кыргыз-Казак чек арасы аркылуу 9 автобус менен келишти. Оренбургдан кайткан 413 жаран обсервацияга жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, Кант шаарында "Ручик" балдар бакчасында чет өлкөдөн келген жарандар үчүн обсервация уюштурулган.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Оренбург облусунан 413 Кыргыз жаранын алып келүү үчүн тогуз автобус жибергени кабарланган. Бардык жүргүнчүлөр Казакстан тараптын талаптарына ылайык медициналык текшерүүдөн өтүшкөн болчу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан