Сауд Арабиясындагы Мекке шаарындагы Кааба мечити бош калды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.
"Апрель айында мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айы башталды. Бул мезгилде миңдеген мусулман адамдары Сауд Арабиясындагы Мекке жана Медина шаарларына барышып, ал жактагы ыйык мечиттерде намаз окуп, зыярат кылып келүүнү парз тутушчу. Бирок быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу Рамазан жаңы реалдуулук шартында өтөт. Алсак, дүйнө мусулмандары чогулган Кааба мечити учурда бош турат. Сауд Арабия падышасы Сальман бен Абдель Азиз Аль Сауд расмий кайрылуусунда коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында Мекке жана Медина шаарларындагы мечиттерде намаз окуу токтотулганын билдирген", - деп жазылат маалыматта.