"Жакынкы күндөрү дарыканаларга жергиликтүү өндүрүүчүлөр чыгара баштаган медициналык бет каптар түшө баштайт". Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 12-мартта өкмөттө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова көптөгөн өлкөлөргө тараганына байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышы пандемия баскычына жеткенин жарыялагандыгын эскертип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн режимде иштеп жатышканын баса белгиледи.
«Дүрбөлөң түшүүгө себеп жок. Кыргыз Республикасында коронавируска кабылгандар жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. Өкмөт ачык иш алып барууда жана коронавирус боюнча жарандарды өз убагында маалымдап турат», – деди ал.
Ал ошондой эле катышуучуларга өкмөттүн коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү чечими тууралуу билдирди. Республикалык штаб бардык Кыргыз жарандарын балдарды каникул учурунда соода-оюн-зоок жайларына, оюн аянтчаларына, оюн залдарга жана башка эл көп болуучу жайларга алып барбай, каникулду үйдөн өткөрүүгө чакырат. Жыйында белгилегендей, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коронавирус боюнча кырдаал турукташканга чейин башка өлкөлөргө иш сапарларды токтотуп туруу сунушталды.
Мындан тышкары жакынкы күндөрү дарыкана түйүндөрүнө бир катар ата мекендик өндүрүүчүлөр чыгара баштаган медициналык бет каптар түшө баштайт. Бишкек мэриясынын өкүлү соода, оюн-зоок комплекстерине санитайзерлерди, аба тазалагычтарды жана дезинфекциялоочу каражаттарды орнотуу боюнча мониторингдин жүрүүсү тууралуу билдирди. Ал кошумчалагандай, санитардык кызматтардын адистери коомдук унааларды (маршруттук такси, автобус, троллейбус) дезинфекциялоо иштерин улантышууда.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдиргендей, Ирандын аймагындагы кыргызстандык жүк ташуучулардын абалы чечилүүдө. Бүгүнкү күнү Азербайжан, Орусия, Казакстан кыргыз жүк ташуучулары үчүн транзиттик коридор ачты.