Бүгүн, 23-апрелге карата өлкөдө дагы 19 жарандан коронавирус аныкталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 631ге жетти. Дүйнө жүзүн кучагына алган коронавирус менен жабыркагандардын саны бир эле Кыргыз өлкөсүндө эмес, башка мамлекеттерде да улам жогорулап бара жатат. Албетте, айыгып дартты жеңгендер дагы жок эмес. Мындан улам азыркы тапта оору менен алышкан жарандар үчүн дарыгерлер Кудайга тете болуп турган чак.
Дарыгерлер түн уйкусун кечип, калкка каран түн түшүп турганда талыкпай эмгек кылышууда. Мындан улам SUPER.KG порталы Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлмира Аттокурова менен маектешти. Дарыгер ооруканадагы бейтаптардын абалы, дарыгерлер тууралуу жана ооруканада орун алып жаткан акыркы кырдаалга байланыштуу жагдайларды айтып берди.
- Коронавирус катталганы тууралуу качан билдиңиздер жана ооруканада азыр абал кандай?
- Биздин оорукана жана жалпы эле Кыргыз өлкөсү буга чейин эле башка мамлекеттерде болуп жаткан коронавирус илдети менен жабыркагандар тууралуу интернет булактарынан билип, маалымат алып жатты. Бизге башында министрлик коронавируска байланыштуу даярдыктарды көргүлө деп алдын ала айтып, билдирип келди. Анын негизинде биздин ооруканада жугуштуу оорулар үчүн инфекция 1 жана инфекция 2 бөлүмдөрүн атайын даярдаганбыз. Мындан сырткары жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштеген инфекционист, пульмонолог жана терапевт дарыгерлерден атайын топ түзүлгөн. Ар бир бригадалык топ курамы 12-14 медицина кызматкеринен куралган. Анын ичинде дарыгерлер, медайым жана санитаркалар бар. Алардын ар бири жумушун так билишет. Даярдыктан өтүшкөн, коргонуу кийимдерин кийип, чечүү боюнча инструктаж алышкан.
Чындыгында коронавирус бизге кайсы күнү түшөрүн, датасын, саатын билген жокпуз, аны билүү да кыйын эле. Бирок илдет катталганда эле жамаатка маалымат жетип, ага даярдыктар болгон. Ошол учурда биринчи келген бейтапты кабыл алганда, биздин инфекция бөлүмдөрүндөгү дарыгерлер жана медицина кызматкерлери алгачкы жолу ушул илдет менен иштеп калышты. Башка инфекциялык оорулар менен ооруган бейтаптарды өзүнчө кабыл алуу бөлүмдөрү кабыл алып, башка атайын даярдалган бөлүмдөргө жайгаштырып жатты. Бул оору менен мурда иштеп көргөн эмеспиз. Дарт чынында дарыгерлер үчүн жаңылык болду, оор болду деп айта алам. Ага карабай дарыгерлер болгон күчүн жумшап, аябай жакшы иштеп жатышат.
Мисалы биринчи, экинчи топто иштеген дарыгерлер изоляциядан чыгышып, обсервацияга жатып, эки жолу тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөткөндөн кийин сыртка чыгышты. Ушул учурда ар тараптуу жардамдар болуп жатты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен, кыргыз элинин арасынан эле мекенчил адамдар тарабынан, мамлекет тарабынан дагы жардамдар болуп жатты. Алар коргонуучу костюм, респираторлорду байма-бай жиберип жатышты. Бул кырдаалдан аман-эсен өтүүгө аракетти азыр да катуу көрүп жатабыз. Азыркы тапта ооруканада мурункуга салыштырмалуу абал стабилдүү.
- Азыр бейтапканада коронавирус менен алышып жаткан канча бейтап бар жана алардын абалдары тууралуу айтып берсеңиз?
- Биздин ооруканада бейтаптардын саны стабилдүү болбойт. Бейтаптын чыгып кеткенине жана келип калганына жараша сандар өзгөрүлүп турат. Орточо биздин ооруканада азыркы тапта 34 бейтап дарыланып жатат. Алардын арасында орто абалдагы, жеңил жана оор абалдагы бейтаптар бар. Бүгүнкү күнгө алынган маалыматка ылайык, 28 бейтап жакшы болуп ооруканадан чыгарылды. Анын ичинде вирус жугуп калган медицина кызматкерлери да бул оорудан айыгып, үйлөрүнө чыгып кетишти.
- Вирусту жеңип чыккандар тууралуу айтып жатасыз. Айтсаңыз, алар бейтапканадан чыкканда кантип чыгып жатышат? Сакайгандар ооруканадан чыгып жаткан процессин айтып берсеңиз. Үйүнө аларды ким алып кетип жатат же атайын унаа жеткиреби?
- Биз вирустан сакайып, ооруканадан чыккан бейтаптардын ар бирин чыгарып жатабыз деп жарыялап көрсөтүп чыгарган жокпуз. Алар айыкканда биз "Тез жардам" унаасын чакырабыз жана унаа үйүнө чейин жеткирип коёт. Мен бул оору жукса эле баары айыгып, жакшы болуп кетет деп айта албайм. Бул ооруну адамдын организми кандай көтөрөт ошого жараша болот. Кээ бир бейтаптар вирус аныкталганы менен клиникалык белгиси билинбей өтүп кетет. Ошондуктан жаран эч нерсе жок болсо деле элди аралап жүрбөшү керек.
- Жарандар сиздерге сыртта туруп кантип жардам бере алат же алар кандай эрежелерди сактаса сиздерге жеңил болот?
- Медицина кызматкерлери суранган бирден бир тилеги бул убагында байланышта болгон адамдарды текшерип, учурунда чара көрүү. Андыктан жарандар өздөрүнөн кандайдыр бир белгилерди байкап, шектенсе дароо кабарлоосу кажет. Кээде иммунитетим жогору, мен эч нерсе болбойм деген жарандардан да коронавирус чыгып жатат. Биз иштеп жаткандыктан аларды көрүп жатабыз. Эгер вирус көп өлчөмдө организмге түшүп калган болсо, бейтап кыйналып калат. Ошондуктан канчалык бейтаптардын байланышы аз болуп, оору таркабаса ошончолук медицина кызматкерлерине жеңил болот.
Медицина кызматкерлери буга чейин кайсы окуя болбосун айыпталып, четке чыгып калышчу. Азыркы учурда эч нерсеге карабай алар иштеп жатышат. Мен мындан ары да медицина кызматкерлерине болгон көз караш жакшырып, алардын кадыр-баркы жогорулай турганына ишенем. Алар азыр өз өмүрлөрүн тобокелге салып, күнү-түнү уйку билбей иштеп жатышат. Албетте, кызматкерлер кыйналышат, ошол эле учурда билдирбей, көз жашын аарчып ыйлашат. Оор күндөр менен кошо алардын кубанычтуу күндөрү да өтүп жатат. Биздин кубанган күнүбүз ооруган жаран айыкканда, аябай кубанабыз. Жарандар жөн гана эрежени сактап, айткандарды аткарып, тынч отуруп берсе эле бизге чоң жардам болот.
- Алгач коронавирустан каза болгон учур катталганда кандай абалда болдуңуз жана ал жаран эмне болуп вирус жуктуруп алган экен?
- Алгач 79 жаштагы аксакал киши каза болуп калды. Ал коронавирусту байланышта болуп жугузуп алган экен. Аксакалдын үй-бүлө мүчөсүнүн бирөө сырт жакка, тагыраагы Түркияга барып келген. Анан ошондон жаранга вирус жуккан. Ал ата бизге дене табы көтөрүлүп, аба жетишпей келип түштү. Андан башка да аксакалдын оорулары абдан көп экен. Ал көп жылдан бери омуртканын грыжасы менен жабыркап, кан басымы дагы белгилүү убакытта жогорулап турчу экен. Негизи бейтап бир эле коронавирустан эмес, кант диабети же башка оорулар менен жабыркаган болсо, оору андан да татаалдашып, абалы оорлоп кетет. Натыйжада ага жардам берүү өтө татаал болуп калат. Ошондуктан өтө этияттап, абайлап, ден соолукту караш керек.
- Сиздердин бейтапканада кызматкерлердин жумушка чыгуусуна кандайдыр чектөө болдубу же баары эле жумушка чыгып жатабы?
- Ооба, бизде дарыгерлерге алардын шартына, үй-бүлөсүнө карата чектөөлөр болду. Мисалы, медицина кызматкерлеринин арасынан 65 жаштан жогорку кызматкерлерди, кош бойлуулар, кичинекей балдары барларды биз азырынча жумушка чыгарбай жатабыз. Анткени алар ооругандар менен байланышта болуп, вирус жуктуруп алса, абал татаалдашып кетүү ыктымалдуулугу бар.
- Азыркы тапта кандай ыргак менен иштеп жатасыздар?
- Коронавирус биздин ооруканага келгенден бери эле медицина кызматкерлери дем алуусуз иштеп жатышат. Биздин ооруканада инфекция бөлүмдөрү, кабыл алуу бөлүмү, күзөттөгү дарыгерлер, жетекчилик, дем алыш күн дегенди билбей калышты. Дем алыш күнү алар жок болуп калса, ошол жакта изоляцияда иштегендерге керектүү жардамдар талап кылынып калат. Ал адистерсиз бейтаптарды кабыл алууда маселе жаралып, абалды андан да кыйындатып коюушу мүмкүн. Бардыгы ал жакка кирип, чыга алышпайт. Ал эми онлайн аркылуу, телефон аркылуу көп жумуштарыбыз бүтүп жатат.
Ошого карабастан ушул учурдан пайдаланып айткым келет, медицина кызматкерлеринин ден соолуктары чың болсун. Психологиялык жактан жабыркабасын, эмоциялык жактан туруктуу болсун. Эч качан көңүлү түшпөсүн. Азыркы учурда эң башкысы алардын ден соолугу керек. Анан үй-бүлө тынч болушу керек. Эгер үй-бүлө тынч болбосо, биздин бул жакта кылган ишибиздин дагы натыйжасы болбойт. Ушул илдетти жеңгенге баарыбыз башыбызды төмөн салбай, мамлекетти күнөөлөп, күнөөлүү адамды издебей, кырдаалдан аман-эсен чыгуу аракетин көрүүбүз шарт. Мисалы, согуш мезгилинде деле жетишпестиктер болгон. Бул муну кылбай койду, анын айынан ушул иш болду деп бирөөнү күнөөлөгөн бизде адатка айланып бара жатат. Мени ушул жагдай аябай капа кылат. Күнөөлүүнү издеп, аны ордунан алып салып, муну коёлу деп эле ызы-чуу боло беребиз. Ашууда ат алмашпайт деп коёт. Апаат учурунда бирөөнү күнөөлөгөндүн ордуна баарыбыз биргеликте жардам берип, унчукпай ишибизди кылышыбыз керек. Баарынын көңүлү тынч болгондон кийин гана маселе жаралып жаткан иштер тууралуу талкуу кылсак жарашат.
- Дарыгерлердин үй-бүлөсү менен болгон алака мамилеси кандай шартта өтүп жатат?
- Биздин изоляцияда иштеген дарыгерлерибиз үй-бүлөсү менен таза аймакка чыкканда, телефон аркылуу гана байланыша алышат. Ал эми кызматтык аймакта телефон колдонулбайт. Дарыгерлер үй-бүлөсүнө кам көрүшү үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан ар бир дарыгердин үй-бүлөсүнө гуманитардык жардам берилди. Алардын ар бирине ун, май жана башка зарыл болгон азык-түлүк жеткирилди.
Өзүбүз жактан дагы биздин изоляцияда иштеген жакка бардык эле адистерди киргизе бербейбиз. Ал жакка терапевт, инфекционист, пульмонолог, реаниматологдордон турган бригада кирет. Ал эми кызматкерлердин балдарына үйлөрүнө барып, ата-энең иштеп жатат деп өзүбүздүн эле кызматкерлер алардан кабар алып жатышат. Эң башкысы медицина кызматкерлери "мен үй-бүлөмдү көрбөй калдым" деп ыйлап, жанындагы кесиптештерин дагы психологиялык жактан кыйнабай, бекем турушу керек.
Медицина кызматкерлери ыйласа дагы ыйлаганын көрсөтпөйт. Балдары боюнча биз тизмектеп анализ кылабыз. Эгерде жалгыз бой эне болуп калса, андай кызматкерлер киргизилбейт. Бардыгы кирерге жакын топто иштеген медицина кызматкерлери атайын окуудан өткөрүлөт. Бизде кандай кийиниш керек, кандай чечинүү керек ушул сыяктуу инструктаждар берилип, он адамдан түзүлгөн бригада ушунун баарын текшерет.
- Өзүңүздүн үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
- Менин эки уулум бар. Балдарым менен такай сүйлөшүүгө азыр чынында убактым да, мүмкүнчүлүгүм да жок болуп жатат. Бирок биз ага кайгырбашыбыз керек. Бул өмүр бою созулбай турган убактылуу нерсе. Мына ушул үмүт менен биз иштеп келе жатабыз. Буюрса, жакынкы күндөрү баары жакшы болот. Балдар сыртка чыгып, көчө толот, мектептер ачылат, баары калыбына келет. Ушундай учурлар түштөй болуп өтүп кетет.
- Коронавируска ишенбей жаткан адамдарды дагы кезиктирип же угуп жатсаңыз керек.
- Ооба, мындай пикирлер айтылып жатат. Коронавирус жок эмес, ал бар болгону вирус орто оор, жеңил жана оор деп үч түргө бөлүнөт. Азыр бул вирус аягына чейин такталып бүткөн вирус эмес. Бирок илдет менен жабыркагандар бизге келип жатканы бул чыныгы факты. Мисалы, кээ бир адамдар жуктурса, ал жеңил формада өтүп жатат. Ал эми кээ бир бейтапты жандандыруу бөлүмүнүн жардамы менен чыгарып алабыз. Ошол учурда аябай оор болууда.
Коронавирус жукса, тез эле айыгат экен, бул кадимки сасык тумоого окшош экен дебеш керек. Бул кадимки сасык тумоо эмес, бул адамдын организмин жабыркатуучу коркунучтуу дарт. Ооба, дарттан айыгып, чыгып жаткандар бар. Кайталоо менен динамиканы карап турушубуз керек. Себеби бул вирус негизинен өпкөнү жабыркатып, кан системиндеги өзгөрүүлөрдү пайда кылып жатат. Коронавирус жок, бул жөнөкөй оору деген өтө туура эмес, жаңылыш пикир. Бул жаатта түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүш керек. Биз ооруну камерага тартып алып, көрсөткөндө дагы дүрбөлөң башталып кетиши мүмкүн. Эгерде жок, баары жакшы десек, анда дагы болбой калат.
Азыркы тапта бул оору менен алышып жаткан өлкөлөрдүн баары кыйналган абалда турат. Бир эле биз эмес, медицинасы өнүккөн Европа өлкөлөрүндө дагы көйгөйлөр жаралып жатат. Ал жакта дагы адистер жетишпей калууда. Биз кенебестикке жол бербей, абайлап мамиле кылышыбыз керек. Адистердин, медицина кызматкерлерин угуп, аны аткаруубуз талапка ылайык. Интернет желелерине ар түрдүү маалыматтарды ойлонбой эле жаза берүү да туура эмес. Элдин оюн бурбай, абайлап мамиле кылуубуз керек.