Атайын топ аралыктан окуу үчүн сыналгыга, уюлдук телефонго муктаж үй-бүлөлөрдү тактады. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда онлайн маалымат жыйында Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров билдирди.
"14-апрелден тарта аралыктан окуу башталган. Атайын топ шаарда анализ жүргүзүп, муктаж үй-бүлөлөрдү тактады. 321 үй-бүлө сыналгыга муктаж болгону аныкталды. Буюрса, аларды сыналгы менен камсыз кылдык. 200 үй-бүлө уюлдук телефон менен камсыздалды. Шаарда бардык окуучулар аралыктан окуп жатышат. Буюрса, сентябрь айында кадимки окууга өтөбүз", - деди ал.