Бишкекте маршруттук таксинин айдоочулары 3-июлдан баштап каттамга чыкпай тургандыгын билдирген видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, айдоочулар менен Шаардык транспорт башкармалыгынын өкүлү сүйлөшүү үчүн келген. Ал айдоочуларды бет кап тагынып сак болууга чакырып, өздөрүнүн талаптары тууралуу кат жазып, кол коюп берүүнү айткан. Буга маршруттук таксинин айдоочулары маселени жеринде чечпесе, мэрияда каралбай калып каларын белгилешкен. Айдоочулардын айтмында "кичи автобустардын иштеп жатат деген эле аты болбосо чыгымдарды актабай жатат. Ошол эле маалда кредиттерди төлөш керек, үй-бүлөнү дагы багыш керек", - дешкен.