Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров акысыз бет кап таратам деген жарандар бет капты кайдан алса болорун сурады.
"Бет каптарды жарандарга акысыз таратып берем дегендер кайрылып жатат. Алар бет капты кайсы жактан алышса болот?", - деп сурады депутат.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бир дагы дарыкана чоң көлөмдөгү бет кап бере албай турганын билдирди. "Азыркы учурда Бишкек жана Ош шаарларында бет кап чыгарып жатышат. Бишкектен 50 миң бет кап чыгып жатат. Дарыканалар бет капты 10 сомдон сатышууда", - дейт Өмүрбекова.