Франциянын "Монпелье" футболдук клубунун коронавирус жуктуруп алган 23 жаштагы оюнчусу Жуниор Самбиянын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Буга чейин аталган футболдук клубдун бир оюнчусу коронавирус инфекциясы менен ооруканага жаткырылганын тастыктап, кайсы футболчу экенин айткан эмес. "Тамак сиңирүү жана дем алуу көйгөйлөрүнө байланыштуу биздин оюнчулардын бири тиешелүү жардам алуу үчүн Монпелье ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды", - деп жазылган клубдун билдирүүсүндө.
Жуниор Самбия быйылкы сезондо "Монпелье" клубу менен 22 оюнда 1 гол жаратып, 1 жолу голдук пас чыгарып берген.