Бүгүн,16-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 21 миллион 459 миң 699 адам жуктуруп алды.
Анын ичинен 13 миллион 445 миң 842 бейтап айыгып чыкса, 771 миң 63 адам каза болду. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 361 миң 165 адамдан коронавирус аныкталды.
Экинчи орунда Бразилия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 317 миң 96 адамдан аныкталды. 101 миң 752 адам каза болсо, 2 миллион 390 миң 830 бейтап айыкты.
Индия үчүнчүгө чыгып, 2 миллион 589 миң 952 адам вируска кабылган.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.