Кечээ вирус жуктурганы аныкталган 2 адамдын бири 5, экинчиси 6 адам менен байланышта болгон

Бүгүн, 26-мартта эртең менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкүгө карата коронавирус боюнча өлкөдөгү абалды айтты.

Ал кечээ, 25-мартта дагы 2 жаран коронавирус жуктурганын айткан.

"Вирус жуктурган 2 адамдын бири 5 адам, экинчиси 6 адам менен байланышта болгону аныкталды" деди ал.

Бүгүнкүгө карата бул ооруну жуктургандар жок. Коронавирус боюнча түзүлгөн штабдын билдиргенине ылайык, өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 адам аныкталган, алардын ичинен:
Ош облусунда – 20 адам;
Жалал-Абад облусунда – 19 адам;
Бишкек шаарында – 3 адам:
Чүй облусунда – 1 адам;
Баткен облусунда – 1 адам.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан