Соңку сутка ичинде 85 бейтап коронавирус илдетинен сакайды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Штабдан кабарлашкандай, стационарда 559 жана амбулатордук түрдө 721 адам дарыланып жатат.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 176 909 бейтап аталган илдеттен айыкты.