Депутат Матраимов карантин айларында насыя алгандардын пайыздык үстөгүн кечүү сунушун айтты

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Искендер Матраимов ага насыя алган жарандар көп кайрылып жатканын айтты.

"Карантинге байланыштуу көптөгөн ишканалар, жарандар иштерин токтотконуна байланыштуу эртең насыяны кантип төлөйм деп эл чочулап жатат. Айрыкча доллар менен насыя алгандардын абалы абдан оор. Расмий статистикага таянсак, Кыргыз өлкөсүндө 1 миллиондой жаранга микро жана жеке бизнеске насыя берилген. Демек ар бир үй-бүлөдө жок дегенде бир адам насыя алган. Ооба, өкмөт бул маселеге өз убагында көңүл буруп, насыяны төлөө мөөнөтүн сунуштаган. Өкмөт эч нерсе кылган жок дегенден алысмын. Бирок бул өкмөттүн сунушу элдин маселесин такыр жеңилдеткен жок. Насыя төлөөнүн мөөнөтүн узарттык деп өкмөт айтканда, биз жарандар карантин маалында иштебеген күндөргө пайыздык үстөк төлөбөйт экенбиз деп ойлоптурбуз. Элдин сөзүнө таянсак, бул жерде банктар насыя төлөмдөрүн жылдырууга убада бергени менен иш жүзүндө анын пайызын кийинки айларга кошуп салат экен. Карантин жана өзгөчө абалдын айынан бир күн соода кылбаган, иштебеген ишкерлер каяктан акча таап пайызды төлөшөт? Буга эмнеге эч бир тиешелүү орган маани бербей жатат. Өкмөттүн берген сунушу чынында элдин көйгөйүн чечтиби деп эч ким ойлонуп койбойт. Улуттук банктын төрагасы банктар үчүн талаптар жеңилдетилди деп айтты. Ошого карабастан, коммерциялык банктардын комитеттери мурдагыдай эле абал менен иштеп жатышат. Алар силердин талаптарды аткарып жатабы? Мунун баары банктар менен байланыш жоктугун көрсөтөт.

Мен депутат катары бул маселени эки апта ичинде эксперттик топ менен карап чыктым. Биз 30 чакты келишимдерди анализ кылдык. Банктар насыя алуучулардын укугун коргой турган келишимдерди түзбөйт экен. Банктардын ишин көзөмөлдөй турган органдар элдин укугун карап да койбойт. Биринчиден, кредиттик уюмдар элди теңине албайт. Түзүлгөн келишимде банктын гана кызыкчылыгын коргошот. Кредит алуучулардын укуктарын жазбайт. Экинчиден, насыя алып жатканда эл керек болсо, юридикалык баа бере алышпайт. Үчүнчүдөн, банктар акчаны 3-4 пайыз менен, грант менен келген акчаны 16-25 пайызга чейин элге таратат. Улуттук банк, коммерциялык банктар орто эсеп менен жылына 18-20 пайыз пайда көрөсүңөр, ушул саналуу карантин айларында элди кыйнабай, банктар пайызды кечип койсо болбойбу? Жөн эле кечип койгон күндө деле силер чыгашага учурабайсыңар. Өкмөт донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатасыңар, ошол акчалар пайызсыз насыя берүүгө программа ачкыла. Анан Улуттук банктын өзүнүн резервинен элге пайызсыз насыя бериңиздер деп суранат элем. Бүгүн Улуттук банкта 2 миллиард доллар акча резервинде бар. Жогоруда айтылган сунуштар орто жана чакан бизнеске тиешелүү.

Жалпы кризиске каршы план боюнча коронавирустун кесепети быйыл өлкөнүн экономикасына олуттуу таасир этет. Демек өлкөдө инвесторлорду сактап калууга так сунуштар керек. Мисалы Орусия өкмөтү насыя алуучуларга жана каржы уюмдарга пайызсыз насыяларды берип жатат. Казакстан 1 миллион 500 миң жаранга, 11 миң 500 ишкерлерге жалпы суммасы 360 миллиард теңге насыяларды төлөп, мөөнөтү узартылды. Мен айткан сунуштарымды адистерге көрсөтүп, ишке ашса болобу деп сурадым. Адистердин айтымында, Кыргыз мамлекетинин банк секторунда жеткиликтүү капитал бар", - деди Матраимов.

Искендер Матраимов насыя төлөөчүлөргө анын мөөнөтүн 3 айга узартып берүүнү сунуштады
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан