27-апрелге карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык сааттын талаптарын бузган 80 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилип, 6 автоунаа атайын жайларга токтотулду.
Бишкек шаары - 66;
Ош шаары - 1;
Жалал-Абад шаары - 5;
Сузак району - 2;
Нарын шаары - 4;
Ат-Башы району - 2;
Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу фактысы катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3 миң 582 жаран коменданттык саатты бузгандыгы үчүн кармалган.