"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 770 миңден ашты

Бүгүн, 17-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 21 миллион 593 миң 607 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 13 миллион 594 миң 900 бейтап айыгып чыкса, 773 миң 685 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 402 миң 803 адамдан коронавирус аныкталды.170 миң 28 адам каза болсо, 1 миллион 833 миң 67 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 3 миллион 340 миң 197 адамдан аныкталды. 107 миң 852 адам каза болсо, 2 миллион 655 миң 17 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 589 миң 682 адам вируска кабылган. 49 миң 980 бейтап көз жумса, 1 миллион 862 миң 258 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан