Европадагы коронавирус эң көп катталган Италия, Испания, Франция жана Улуу Британияда акыркы бир сутка ичинде март айынан берки коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны эң төмөн болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, акыркы суткада Францияда бул илдеттен 242 бейтап каза болгон. Алардын 152си ооруканаларда жана 90у карылар үйлөрүндө. Бул көрсөткүч аталган өлкөдөгү акыркы беш апта ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч болду.
Италияда сутка ичинде коронавирустан 260 адам көз жумган. Бул көрсөткүч өлкөдө 14-марттан бери өлүмдүн эң төмөнкү деңгээли. Жалпысынан өлкөдө эпидемиядан 26 миң 644 адам көз жумган. Акыркы сутка ичинде ооруканаларга келген жаңы бейтаптардын саны 2 миң 324 адамды түздү. Бул көрсөткүч дагы Италияда 20-марттан бери эң төмөнкү көрсөткүч болду.
Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо департаменти сутка ичинде каза болгондордун саны 31-марттан бери эң төмөнкү деңгээлде катталганын билдирген. Акыркы суткада 413 бейтап бул илдеттин курмандыгы болгон.
Испанияда сутка ичинде 288 адам коронавирустук инфекциянын кесепетинен көз жумду. Бул 20-марттан бери катталган эң аз көрсөткүч. 25-апрелде Испанияда илдеттен каза болгондордун саны 378 адамды түзгөн. Бул өлкөдө эпидемиянын курмандыктарынын жалпы саны 23 миң 190 адам.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө 2 миллион 973 миң 264 адамдан коронавирус аныкталган. 206 миң 569 адам каза болсо, 868 миң 806 бейтап айыгып чыккан.