Коронавирустан каза болгондордун санынын көптүгү боюнча дүйнөлүк тизменин сап башына Италия чыкты. Анда каза болгондордун саны 26-март саат 23:40та алынган статистика боюнча, 8 миң 165ке жетти. 80 миң 539 киши жабыркап, 10 миң 361 адам айыкты.
Ал эми Испания каза болгондордун саны боюнча бир күн мурда Кытайды ашып өттү. Бул өлкөдө 26-март саат 23:40ка карата алынган статистикага ылайык, 4 миң 145 адам каза болду. Жабыркагандар - 56 миң 197, айыккандар - 7 миң 15.