БУУ: "Коронавирустун айынан дүйнө жүзү боюнча 195 миллиондон ашык жумуш орду кыскарышы мүмкүн"

Пандемиядан улам дүйнө жүзүн каптап келе жаткан каатчылык 195 миллионго жакын жумуш ордунун кыскарышына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын экинчи кварталында жумуш ордулары массалык түрдө кыскарат.

Докладдын авторлорунун болжолунда пандемиянын айынан дүйнө экономикасы жабыркап баштаса, жумушсуздук тарыхый көрсөткүчкө жетет.

Бардыгынан орто жана чакан бизнес ээлери, мигранттар, өзүн-өзү жумуш менен камсыздагандар, туристтик жана айыл чарба багытында иштегендер жабыр тартышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан