"Баласы чет өлкөдөн келип, өзү үй шартындагы карантинге жөнөтүлгөн". Ошто "илдетти жуктурду" делинген жарандын окуясы

Кечээ, 7-апрелде Ошто бир жаран "илдетти жуктуруу" беренеси менен кармалганын, ал айыгып ооруканадан чыккандан кийин 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени кабарланган. Айып тагылган жарандын коронавируска кабылганы кантип билингени белгилүү болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Илдетти жуктурду" делинген кишинин баласы чет өлкөдөн келип, андан коронавирус аныкталган. Мындан улам вируска чалдыккан жарандын атасы үй карантинине жөнөтүлгөн. Бирок ал 14 күндүк үй шартындагы карантиндин эрежелерин бузуп, туугандары менен катташып жүргөн. Качан гана дене табы көтөрүлгөндө ооруканага кайрылып, коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы оң деп чыккан.

Вирус аныкталган бейтап менен катташып, байланышта болду делинген кесиптештери, достору, туугандарынын ичинен 9 кишинин анализи оң деп чыккан. Учурда бейтап менен байланышта болду делинген жарандардын баары изоляцияга алынган", - деди мекеменин басма сөз катчысы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulya78
2020-04-08 16:42:02
Үй карантини дебей баласынан аныкталгандан кийин контакт болдуда сразу обсевацияга алыш керек болчу
+5
Alixan-Nookat.2015
2020-04-08 18:50:09
Биздин кыргызбайлар үй карантининде белгиленген эрежелерди сактабайт, андан көрө изоляцияга алыш керек.
+3
Aikaaaa
2020-04-09 02:17:55
Ушу өздөрүнөн оорунун белгилери чыкканына ишенишпейби, же кайдыгерликпи,же караңгылыкпы? Эч эле түшүнбөй койдум акыркы күндөрү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан