Ага пневмония диагнозу коюлган. Чүйдөгү спорт мектептин директору Кубатбек Эгембердиев кайтыш болду

Чүй облусунун балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Кубатбек Эгембердиев 59 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.

"Кубатбек Эгембердиев бүгүн, 17-июлда көз жумду. Буга чейин ага пневмония диагнозу коюлган. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, бөлүмдүн кызматкерлери жана Чүй облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт департаменти Кубатбек Эгембердиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат", - деп айтылат билдирүүдө.

Кубатбек Эгембердиев 1961-жылы 8-февралда Жалал-Абад облусунда туулган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун дене тарбия адистигин аяктаган.

Эмгек жолун 1978-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы № 9 орто мектепте мугалим болуудан баштаган.
1983-1988-жылдары Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №2 орто мектептин мугалими;
1990-1997-жылдары Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №2 орто мектептин директору;
1998-2008-жылдары Бишкек шаарынын мамлекеттик комитетинин алдындагы түндүк зонада бажы инфраструктурасын техникалык жактан өнүктүрүү боюнча дирекциянын мамлекеттик ишканасын конфискациялоо бөлүмүнүн инспектору, адиси, башчысы;
2009-2010-жылдары "Ак-Толкун" пансионаттын директору;
2015-жылдан ушул кезге чейин Чүй облусунун спорт мектебинин директору болуп иштеген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кубатбек Эгембердиевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан