Сутка ичинде 21 жаран коронавирус илдетинен арылып, ооруканадан үйлөрүнө чыгарылды. Айыккандардын саны 416га өстү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Айыккандар:
Бишкек шаары – 3;
Ош шаары – 2;
Ош облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 9;
Нарын облусу - 1;
Ысык-Көл облусу - 4;
Баткен облусу - 1.