Бүгүн, 18-март күнү умрадан келген Сузактын 3 тургунунда коронавирус аныкталды. Мындан улам Ош шаарына чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Ош мэриясында коронавирус инфекциясын алдын алуу жана вируска каршы күрөшүү чарасы боюнча жыйын болуп өттү. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов коронавирус инфекциясын алдын алуу үчүн жарандарга зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоосун айтты. "Учурдагы абалга ылайык, жарандар башкалар менен байланышын чектөөсү зарыл. Дүкөн менен дарыканалар штаттык режимде иштей бермекчи", - деди шаар мэри.
Ошондой эле Ошко башка аймактардан кирүүгө чектөө киргизилери белгиленди.
Жыйында Ош шаардык аэропорттун жетекчиси Талантбек Ысаков: "Учурда Ош аэропортунда ички каттамдар жүргүзүлүп жатат. Эл аралык авиакаттамдар убактылуу токтотулду", - деп билдирди.