Комендант: "Медициналык бет кап тагынбай, эң жөнөкөй эрежени сактабай жатасыздар"

Бүгүн, 28-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берди.

"Урматтуу шаар тургундары! Күн жылыган сайын, баарыбыз эшикке чыгып, азык-түлүк саткан дүкөндөргө барып, кезекке туруп, соода кыла баштадык. Эч кандай медициналык бет кап тагынбай, санитардык нормаларды бузуп, эң жөнөкөй эрежени сактабай жатасыздар. Дүкөндөрдүн башчыларына кайрылат элем. Жарандар кезекте турганда санитардык нормаларды сактоо максатында алардын аралыгын чектеп, босогого эскертүү кагаздарын илип, антисептикалык каражатын колдонгула.

Азыркы маалда баарыбыз, анын ичинде өзүбүз, үй-бүлөбүз жана жакын туугандарыбыз үчүн жоопкерчиликтүү экенибизди унутпайлы", - деди комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан