Орусиянын Москва шаарындагы Кыргыз жарандары флешмоб башташты. Алар Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аларды үйлөрүнө алып кетүүнү өтүнүп жатышат.
Бул тууралуу жарандар "Үйдө болгубуз келет" деп жазылган баракчаларды кармап сүрөткө түшүп, аны социалдык тармактарга жарыялашууда.
Айтымдарында, коронавируска байланыштуу мигрант жарандар жашоо үчүн каражатсыз калышкан. Алардын кээ бирлери дарылануу үчүн келишкен болсо, көпчүлүгү мигрант жарандар.
Жарандардын жарыяланган билдирүүсүнүн алдына депутаттар Рыскелди Момбеков жана Дастан Бекешев комментарий калтырышкан. Алар Орусиядагы кыргыздардын көйгөйлөрүн жакшы билише турганын жана чет өлкөдөгү мекендештерге жардам берүү маселесин жыйында көтөрүп чыга турганын билдиришкен.