Түркиядан келген мекендештердин айрымдарынан коронавирус аныкталды

17-апрелде Түркияда жүргөн Кыргыз жарандары өлкөгө алып келинип, обсервацияга жаткырылган. Алардын айрымдарынан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.

"Түркиядан келгендердин баарынан тест алынып, лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн. Арасынан вирус аныкталгандары да болгон. Илдетке кабылгандар дароо эле ооруканага жаткырылган. Ал эми калган жүргүнчүлөрдү кайрадан текшерип, тесттин жыйынтыгында вирустун белгилери жок деп чыккан. Алар 14 күн бою карантинде болушуп, кайрадан тест алынып, жыйынтыгы чыккандан кийин үй карантинине жөнөтүлөт. Аларды мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлдөп турабыз", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Siren90
2020-04-23 15:00:03
Мобилдик тиркеме аркылуу көзөмөлдөөнүн пайдасы жок экенин билдим, үйдөн чыга турган киши телефонун үйүнө таштап коюп чыгып кете берет экен каалаган жагына
+1
white_angel
2020-04-23 19:50:40
Siren90,ушундайбыз да, чыкпа деген сайын чыгышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан