Штаб: "Үй карантинин бузган 6 жаран административдик жоопкерчиликке тартылышат"

Үй карантинин бузган 6 жаран административдик жоопкерчиликке тартылышат. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуулар үчүн 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул каралган.

Мындан тышкары штабдын жыйынында белгилегендей, атайын мобилдик тиркеме аркылуу дагы 151 адамдын үй карантини режимин бузгандыгы аныкталган. Алар боюнча тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандардын үй карантинин сактоолоруна көзөмөлдү күчөтүүнүн маанилүү экендигин баса көрсөттү.

Жыйында COVID-19 дартынын жайылуусуна каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр маселеси талкууланды. Саламаттыкты сактоо министрлигине апрель айы үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү тапшырылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан