"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 2 миллион 231 миң 454кө жетти

26-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 5 миллион 493 миң 482ге жетти. Анын арасынан 2 миллион 231 миң 454 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 346 миң 209 адам көз жумду.

АКШда 1 миллион 662 миң 250 адам катталды. Андан 379 миң 157 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы 98 миң 218 адам оорудан каза болду.

Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча экинчи орунга чыккан Бразилияда 374 миң 898 адам илдетти жуктурган. Оорудан 153 миң 833 адам айыкса, каза болгондордун саны 23 миң 473кө жетти.

Орусияда 353 миң 427 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 118 миң 798 бейтап сакайып, 3 миң 633 адам дүйнө салды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан