АКШда алгачкы жолу үйдө жашаган иттен коронавирус аныкталды

АКШда алгачкы жолу үйдө жашаган иттен коронавирус аныкталды. Вирус Түндүк Каролинада мопс породасындагы Уинстон аттуу иттен табылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Бизге белгилүү болгондой, вирустун иттен табылышы алгачкы жолу болуп жатат. Азыркы тапта көп нерсе белгилүү эмес, биз изилдөөлөрдү улантуудабыз", - деп билдирген адис.

Маалыматка ылайык, Уинстон жашаган үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү коронавирус илдети менен ооруп чыгышкан. Бул учурда ит алардын жанында болгон, мындан улам анын вирус жуктуруп алганы үй-бүлө мүчөлөрүнө жаңылык болгон эмес.

АКШда вирусту жуктургандардын саны 1 миллион 12 миң 399га жетсе, 118 миң адам оорудан сакайып чыкты, ал эми каза болгондордун саны 58 миң 855 адамды түздү.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан