Таиланд 1-июлдан баштап бардык чектөөлөрдү жокко чыгарып, эл аралык аба каттамдарын ачат

Таиланд өкмөтү 1-июлдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу киргизилген бардык чектөө чараларын алып салып, эл аралык аба каттамдарын ачуу ниетин билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"1-июлдан баштап коронавирус пандемиясынан улам ишкердикке жана иш-аракеттерге коюлган бардык чектөөлөр алынат. Өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат алынып, провинцияларга жана чет өлкөлөргө чыгууга уруксат берилет", - деп жазылат маалыматта.

Муну менен Таиланд өлкөсү толугу менен ачылат. Бирок айрым коопсуздук чаралары колдонула берет. Мисалы: медициналык бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактоо.

29-майга карата Таиландда жалпы 3 миң 76 адамдан коронавирус аныкталып, 57 адам каза болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан