"Карантин бүткөндөн кийин тойлорду өткөрүүгө уруксат берилеби?". Биринчи вице-премьердин жообу

Бүгүн, 29-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өкмөт үйүндө онлайн маалымат жыйын берди. Жыйын учурунда ал карантин мөөнөтү бүткөндө, жарандар карантинге чейинки жашоосун улантып жашай бере турганы тууралуу билдирди.

Анда Бороновго "Карантин бүткөндөн кийин тойлорду өткөрүүгө уруксат берилеби?" деген суроо узатылды.

"Карантин Кудай буйруп бүтсө, элибиз карантинге чейин кандай жашаса, ошондой эле турмушундагы мыйзамдарын, салттарын сактайт", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
nuris14kg
2020-04-29 15:01:29
Ресторандарда той кылганды жок кылып малыш керек же болбосо 100 дон ашык Адам чакырылбасын деп мыйзам кабыл алыш керек учурдан пайдаланып.Сарамжалду жашоону уйронушубуз керек эми.
+35
bema_bema
2020-04-29 15:03:32
Кыргыз элим бул ото чон сыноо болду,ушул сабак болсо той кылбай эле койгонунар он.Канчалаган жарандар ачкадан балдарын бага албай жандарын кыйганга чейин барышты,ошон учун пайдалуу жака жумшагыла.Бир кун жыргап ичип жеп,ашканы мусорго кетип туалет кунун корот.Ойлонолу баардык нерсени оорду менен иштетиниздер ,балдардын окуусуна,билимине иштеткиле ошол нерсени.
+31
talant87
2020-04-29 15:05:12
Канча районго карантин же ресбуплика боюнчабы
+2
Aikaaaa
2020-04-29 18:26:33
talant87,өзгөчө кырдаал (карантин) республика боюнча. Ал эми өзгөчө абал 4 жерде: Ош, Жалал Абад, Бишкек шаарлары, Ат Башы районунда калып атат, 10-майга чейин
+1
Samatalibei
2020-04-29 18:04:31
Ресторанда чон той откором деп күтүп отургандар азык түлүгү жок ач отургандарга жардам бергиле! Эки жашка батасын берет түбөлүк бактылуу болосуңар!
+13
Kim-raev
2020-04-29 19:08:43
Аш той 40кундук жылдык деген нерселер болбой эле койсунчу. Дингеда чонтоко дагын зыяны тиет. Болсун эми адам азыраак болсо
+8
vikidiki
2020-04-29 19:45:01
Булардын бизнеси Бут тойду тейлеген кафе, ресторан болуп атса балээге токтотобу? Капчыктары боксорбодубу,толтуруш керек да!
+10
bond0202
2020-04-29 20:07:56
кыргыздарга сабак болбойт экен да.тойлорду кутуп отурушса.тапканынарды ресторандарга берип олтура бергиле качан тойлорго уруксат берет деп
+8
Jelezo
2020-04-29 20:30:27
Тойдун түрүн ойлоп таап жатышатко чиркин,тамадалар мас болгон аял эркектерди бийлетимиш болуп акчаларын шыпырып жатышат.
+4
bond02
2020-04-29 20:38:55
Тойду кое турсанар боло, тойдон башталды го вирус.
+6
nurbek11
2020-04-29 22:59:47
Кафе ресторандарды жаап салса чондордун чонтогу эмне болот. Себеби кафе ресторан дар баары ошол ак уй менен кок уйдо отургандардыкы да.
+6
Birimdik5555
2020-04-30 00:13:45
Тойду алар токтотпосо деле карапайым эл ошол ресторандарга барбай эле уйлорундо чакан той кылып,аксакалдардан бата алышса,той ашка деп салган ресторандарын кайра жабышат
+4
Fanatic
2020-04-30 01:05:03
Эээ ылайым эле тойлор совсем токтотсо эн жакшы болот эле ысырапкор жаман нерселерден арылат элеек кудай ылайым эле
+1
Araika
2020-04-30 01:16:03
Ар Бир Адам ойлонуп эле Эл созунон коркпой Аллахтан коркуп ысрапсыз откорсо болот. Ар бирибиз озубуздон башташыбыз керек буйурса. Мен ниет кылдым чон тойдун ордуна чакан тойду
+1
katerina.li
2020-04-30 05:56:11
Элдин эс дарты эле той
+1
Bolya8892
2020-04-30 06:21:34
Ысырап керчиликти токтоткула кыргыз элим. 2 ай иш жок токтоп калды эле. Копчулук элибиз кыйналып калды. Россия да жургон кыргыздар. 3 маал кафе ресторадан тамактанып калышкан эле. 2 айда жегенге наны жок бомыжга жетейин деп калышты. Теги кыргыздар качан акылыбызга киребиз э???
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан