"Netflix" күйөрмандарга футбол тууралуу сериал тартуулайт

Дүйнө жүзүн пандемия каптап, элдин көпчүлүгү үйдө отурган маалда "Netflix" күйөрмандарга дароо 3 долбоорун сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Долбоордун бири "Наполи" клубунун күйөрмандары тууралуу "Ультрас" тасмасы, "Сандерленд" даректүү сериалынын 2-сезону жана профессионалдык футболдун жаралышын чагылдырган "Англиялык оюн" аттуу сериалы.

Өз мезгилинин атактуу футболчусу Гари Линкер көрүүчүлөргө "Англиялык оюн" сериалын сунуштап жатып: "Эгерде кандай тасма көрөрүңүздү билбей жатсаңыз, бул тасма сиз үчүн. Аны көрүү футбол күйөрмандары үчүн чындап ырахат тартуулайт", - деп билдирген.

19-кылымдын аягындагы Англияда футбол 2 жол менен өнүгөт. Бир жагынан колунда бар менчик мектептердин бүтүрүүчүлөрү, экинчи жагынан фабрика-заводдордун жумушчулары. Колунда барлар бардык шарты бар жерлерде иштеринен колу бошогон маалда машыкса, жумушчулар үй-бүлөлөрүн бакканга мажбур. Жумушчулардын курама командасы Англия Кубогунда бир да жолу чейрек финалга чейин чыккан эмес. Тасманын негизги сюжети да ушул тууралуу болот.

"Жумушчулардын курамасын кандай кыйынчылыктар күтөт, алар атаандаштарын жеңе алабы?" деген суроолорго жооп алыңыз.

Сериал 1-апрелден баштап күйөрмандарга тартууланат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан